"Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору" Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамына, КР "Коммерциялык эмес уюмдаржөнүндө" Мыйзамына, КРдин башка мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн мамлекеттик эмесбилим берүү мекемеси болуп эсептелет. ББОУБ Кыргызстанда илимий негизделген, көз карандысыз, акыйкат тестирлөөнү өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенствосунун (
USAID) финансылык колдоосунда Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештер (
ACCELS) тарабынан атайын түзүлгөн жана уюштурулган көз карандысыз тесттик уюм болуп эсептелет. "ББОУБдун" адистери тестирлөөнү өткөрүүд чоң тажрыйбага ээ жана АКШдадаярдыктан өтүшкөн.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жогорку окуу жайларга жана башка билим уюмдарга ар кандай кызматтарды кылып бере алат.