Абитуриенттерге, алардын ата-энелерине жана мугалимдерге арналат …
Быйылкы жылдын ноябрында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (БОУББ) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда максаттуу эки топ: жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен мектеп директорлору үчүн жана бүтүрүүчү класстардын класс жетекчилери менен окуучулары үчүн маалымат семинарларынын сериясын өткөрдү. Семинарлардын жүрүшүндө КР ЖОЖна кирүү үчүн Жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө терең айтып берилди. БОУББ дарегине тест тууралуу, анын эмнеден тургандыгы, ал эмнелерди текшерери жана текшерүү кандай өткөрүлүүсү тууралуу көп суроолор келет. Суроолор топтолуп, семинарлардын жардамы менен биз аларга калктын жок дегенде эң эле кызыккан бөлүгүнө жооп берүүнү чечтик. Ал эми урматтуу «кеңири коомчулук» үчүн биз бул макалада семинарларда берилген маалыматтын кыскача обзорун келтиребиз.
Адегенде – жалпы маалыматтар. «Жалпы республикалык тестирлөө» долбоору 2002-жылы КР Билим берүү министрлигинин демилгеси менен жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) финансылык колдоосу аркылуу ишке киргизилген. Долбоор АКСЕЛС (Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык Кеңештер) уюму аркылуу өткөрүлгөн жана үч жылга белгиленген. Бул жылдардын жүрүшүндө Кыргызстанда билим берүүдөгү баалоо тармагында профессионалдык, жогорку сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө жөндөмдүү жергиликтүү көз карандысыз уюмду түзүү пландаштырылган. Максатка ийгиликтүү жетишилген жана 2004-жылда биздин Борбор түзүлгөн, ал бул мезгилден тартып, Жалпы республикалык тестирлөөдөн тышкары билим берүүдө бир катар башка долбоорлорду жана изилдөөлөрдү өткөрүүдө. Тилекке каршы, көп адамдар азырга чейин бизди АКСЕЛС менен чаташтырышат. Жооп беребиз: АКСЕЛС – биздин «атабыз», бул биздин Борборду түзгөн уюм, ал эле эмес, биз АКСЕЛС менен бир имаратта жайгашканбыз, бирок БОУББ юридикалык жактан да, өз жумушунун профили боюнча да өзүнчө уюм болуп саналат жана АКСЕЛСке караганда тап-такыр башка иштер менен алектенет.
Жалпы республикалык тестирлөө өзүнүн алдында негизги эки максатка ээ. Биринчиси – орто билимден жогоркуга өтүү этабында коррупцияны жеңүү. Экинчи максат – Кыргызстанда чогултулган билимдерди эмес, балким жөндөмдүүлүктөрдү текшерүүгө, ойлоонун «ийкемдүүлүгүн», маалымат менен иштөөнү, өз билимдерин стандарттуу эмес, жаңы ситуацияларда колдонууну билүүсүн текшерүүгө багытталган кирүү сыноолорунун принципиалдык жаңы системасын жайылтуу. Буга толугураак токтололу.
Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө көп жылдан бери тестология илими өнүгүүдө – бул тесттер кандай болушат жана аларды кантип өткөрүү керектиги тууралуу илим. Бул чындыгында кадимкидей илим – өзүнүн түшүнүктүүлүк аппараты менен, бекем теориялык жана тажрыйбага негизделген базасы менен, өзүнүн закондору жана закон ченемдүүлүктөрү менен. Тесттерди түзгөндө көпчүлүк факторлорду эсепке алуу зарыл. Тест атап айтканда эмнени текшерүүсү тийиш? Ал муну кантип текшерүүсү тийиш? Тест өткөргөндө бардыгы үчүн бирдей шартты кантип түзүү керек? Тесттин натыйжалары эмнени билдирет жана алар кантип пайдаланылуулары тийиш? Бул жана башка суроолорго жоопторду тестология илими издейт жана табат.
Көбүнчө бизге суроо беришет: мектепти бүтүрүү жана кирүү сыноолорун бир экзаменге бириктирүү мүмкүн эмеспи? Эки жолу экзамен тапшырууга мажбурлап, балдарды кыйноонун эмне кереги бар. Мейли, көбүрөөк отурсун, тердесин, бирок, бир ирмөө менен эки коёнду өлтүрөт. Мүмкүн эмес, жолдоштор. Тестологиянын эң башкы, бузулгус закондорунун бири мындай дейт: ар бир тест бирден-бир, так аныкталган максатка ээ болуусу тийиш. Бүтүрүү экзамендеринин максаты эмнеде? Окуучу мектепте кандай билимдерди алгандыгын, мектептин окуу программасынын чектеринде ал материалды канчалык билерин баалоодо. Ал эми кирүү экзаменинин максаты – умтулгандардын арасында ЖОЖдо окуу үчүн өтө өнүккөн жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон окуучуларды ажыратып алууда. ЖОЖдо окуу процедурасы орто мектептегиге караганда принципиалдуу башкача түзүлөрү белгилүү: бул жерде окутуучулар студенттерге негизги багыт берип гана коюшат, алар болсо, керек маалыматты өздөрү издөөлөрү, өздөштүрүүлөрү жана иштеп чыгуулары тийиш. Жалпы республикалык тест окуучулардын кайсылары башкаларга караганда буга жакшыраак даяр болгондугун, алардын кайсылары өз билимдерин башында дээрлик пайдасыз жүк катары жөн эле кармабай, алар менен иштөөнү жана аларды практикада колдонууну билерин аныктоо үчүн иштеп чыгылган. Биз билимдер өзү эле азыр керек эмес деп айтмакчы эмеспиз. Бирок биз билимдерди жөн эле жыйноо азыр ийгиликке жетишүү үчүн жетишерлик болбогондугун түшүнүүбүз керек. Киши жаңы билимдерди турактуу кабыл алуу жана аларды мурун бар болгон билимдери менен байланыштыруу, билимдерди системалаштыруу жана аларды бул же тигил жагдайларда кандайча пайдалануу, ой жүгүртүү жана жыйынтыктар чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ болуусу тийиш.
Тест билимдерди эмес, жөндөмдүүлүктөрдү текшерүүсүнө дагы бир кыйла маанилүү себеп бар. Билимдерди бүт республиканын масштабында текшерсек, биз балдарды биле туруп бирдей эмес шарттарга коёбуз. Биздин өлкөдө мектептер өтө ар түрдүү экендиги белгилүү го. Көптөгөн факультативдик курстарды өткөрүп, окуучуларга Интернеттин кызматтарын, кошумча материалдарды, интерактивдик окутууну берген мектептер бар. Окуу китептери, парталар, стулдар жетишпеген, бир мугалим бир нече предметтерди алып барган айрым мектептер да бар... Ошондуктан биз билимдерди эмес, өнүгүүсү көбүнчө окуучунун өзүнө көз каранды болгон жөндөмдүүлүктөрдү текшеребиз жана тесттин тапшырмаларын мектептердин бардыгы сөзсүз өтүүсү тийиш болгон окуу программасынын базасында иштеп чыгабыз.
Тесттин суроолору мектептердин жана ЖОЖдордун атайын үйрөтүлгөн окутуучуларынан турган иштеп чыгуучулардын атайын топтору тарабынан түзүлөт. Тесттин ар бир суроосу «иштөөсү», б.а. күчтүү окуучуларды начарлардан бөлүүсү тийиш. Суроолор татаалдыгы боюнча айырмаланышат жана тестте өзгөчө түрдө жайгаштырылган. Тест төрт бөлүмдөн турат: «Математика», «Аналогиялар жана сүйлөмдөрдү толуктоо», «Эне тилинде окуу жана түшүнүү» жана «Эне тилинин практикалык грамматикасы». Ар бир бөлүмдү аткарууга так аныкталган убакыт ажыратылган, ал убакыттын ичинде бардык абитуриенттер жалаң ушул бөлүмдүн үстүндө гана иштөөлөрү тийиш. Бул катуу эреже бардык тесттелүүчүлөр үчүн бирдей шарттарды түзүп берүүнү эске алуудан келип чыккан: бүт республикада ар бир абитуриент бирдей сандагы тапшырмаларды аткаруу үчүн бирдей сандагы убакытка ээ болушат. Тапшырмалардын мисалдарын жана түшүндүрүүлөргө ээ чыгарууларды биз атайын басып чыгарган «Жалпы республикалык тестке даярдануу боюнча колдонмодон» табуу мүмкүн (Бишкектеги БОУББ офисинде сатылат; райондук билим берүү бөлүмдөрү аркылуу РСКга төлөө менен заказ берүү мүмкүн). Биз предметтик тесттер боюнча окуу куралдарын да сунуш кылабыз, алар төртөө: биология, химия, англис жана немис тилдери боюнча. Предметтик тесттерди бардык эле абитуриенттер тапшыра бербейт, бул тесттердин натыйжаларын талап кылган адистикке кирүүгө ниеттенгендер гана тапшырат.
Бир топ суроолорду пайда кылган дагы бир кырдаалга токтоло кетели. Тест «жабык» деп аталган суроолордон, б.а. жооптун бир нече варианттары сунуш кылынган суроолордон турат жана окуучуга алардын бирин, баарынан мурда туура болгонун тандап алуу сунуш кылынат. Бизден эмне үчүн биз суроолордун так ушунусун пайдаланганыбызды сурашат. Бизге абитуриенттер жоопту билбесе деле таап алышат деп айтышат. Мындай суроолор балага өзүнүн чыгармачыл потенциалын жана ойлоосунун өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө мүмкүндүк бербестиги тууралуу бизге бир топ лекцияларды окушат. Бирок бул жерде төмөнкүгө көңүл бурууга туура келет: ачык типтеги, б.а. тесттелүүчү жоопту сунуш кылынган варианттардан тандабастан, өзү түзгөн суроолорду компьютерлер эмес, кишилер текшерет. Мындай суроолор тестологияда колдонулат, анын үстүнө ийгиликтүү. Бирок, биринчиден, жыл сайын Жалпы республикалык тестти тапшыруучу окуучулардын мындай санын баалоо процесси өтө көп убакытты алат жана муну ишке ашыруучуларды атайын үйрөтүү талап кылынат, экинчиден, мындай жогорку маанилүү тест баллдарды эсептөөнүн жүз пайыздык объективдүүлүгүн талап кылат, буга компьютердик эсептөө менен гана жетишүү мүмкүн. Биз азыраак масштабдуу жана окуучулардын өздөрү үчүн азыраак маанилүү башка долбоорлордо ачык суроолорду колдонобуз. Жалпы республикалык тестти ала турган болсок, анда бүгүнкү күндүн чындыгын эске алганда, жабык суроолор жана натыйжаларды компьютердик иштеп чыгуу – аны өткөрүүгө бирден-бир мүмкүн болгон жол. Эми жоопторду «таап алуу» тууралуу. Тесттин төрт бөлүмү 150 суроону камтыйт, эч теке билбестен жана эч нерсени ойлонбостон бул суроолордун бардыгына туура жоопту табууга жөндөмдүү бактылуу табиятта жок. Суроолордун мындай саны «таап алуунун» акыркы натыйжага олуттуу таасир көрсөтүү ыктымалдыгын минимумга алып келүүсүнө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, «таап алуу» процессинин өзү да тестология илиминде белгилүү ойлоо операциясы катары каралат. Бир нерсени биз кантип таап алабыз? Адегенде бизге туура эместиги белгилүү болгон варианттарды чыгарып таштайбыз. Андан кийин калган варианттардан көбүрөөк ылайык келген бирин тандап алабыз. Биз канткен менен өз тандообузду жөн эле асмандан албастан, эмнегедир негиздейбиз да. Чыныгы турмушта да биз көбүнчө жообун билбеген суроолорго кабылабыз жана аны чыгарып салуу методу менен издейбиз. Ошентип, кээде жоопту таап алуу да окуучу тарабынан акыл иши жасалгандыгын күбөлөндүрөт. Ал эми, өз жоопторун чындыгында ойлонбостон жана кээде суроону окуганга да эмгектенбестен белгилеген жеңил ойлуу абитуриенттер тиешелүү натыйжаларды алышат.
Эми Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү процедурасы тууралуу бир аз сүйлөшөлү. Жыл сайын КР территориясында биз 90 тесттик борбор уюштурабыз (89 борбор республиканын аймагында жана айрым борбор – БОУББ офисинде, бул жерде биз начар көрүүчү жана сокур абитуриенттер үчүн тест өткөрөбүз). Ар бир райондо жок дегенде бир, ал эми ири райондордо – бир нече тесттик борборлор бар, алардын катарында биз чоң мектептерди пайдаланабыз жана бул үчүн бул мектептердин администрацияларына чоң ыракмат айткыбыз келет. Ар бир борборду атайын үйрөтүлгөн администраторлордун командасы тейлейт. Жыл сайын биз 400 чамасындагы администраторлорду жалдайбыз; алар семинар-тренингге катышышат, ал жерде аларга тесттин эмне экендиги, аны кантип өткөрүү керектиги, бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарттар кантип камсыз кылынары тууралуу айтып берилет. Жумушчу жана процедуралык кырдаалдардан тышкары, тренинг өз ичине администраторлордун кесиптик этикасынын маселелерин да алат. Биз администраторлорго тест күнүндө алар кандай көрүнүшү жана өзүн кандай алып жүрүүсү тийиштигин эчтекесин калтырбай түшүндүрөбүз. Тестти өткөрүүнүн процедуралары жетишерлик катаал жана аларды олуттуу бузгандыгы үчүн абитуриент тесттен үстүбүздөгү жылда кайталап тапшырууга укуксуз чыгарылышы мүмкүн. Тилекке каршы, биздин көптөгөн бүтүрүүчүлөр администраторлордун бардык инструкцияларын так аткаруусу тийиш болгон тесттерге алигече көнгөн эмес, бирок ошондой болсо дагы, тесттен чыгарылган учурлар жылдан жылга төмөндөп баратат – тесттерди тапшыруу маданияты, биздин өтө чоң кубанычыбызга, жогорулоодо! Биз ата-энелерди өз балдарын тестте инструкцияларды көңүл коюп угуу жана андан кийин алар боюнча иштөө керектигине күн мурунтан даярдоого чакырабыз.
Тестке абитуриенттер документтердин белгилүү комплекти менен келишет: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, тестке уруксат талону жана тестирлөөнүн датасы жана өтүү орду тууралуу жеке билдирме кат. Бул документтердин кайсы бирисиз абитуриент тестке киргизилбейт. Биз төмөнкүдөй жагдайдын келип чыкканына капаланабыз: мектептин директору же класс жетекчиси, абитуриенттердин өз кагаздарын жоготуп коюсунан чочулап, алардын бардык документтерин күн мурунтан чогултуп алат жана ишенимдүү сейфке бекитет, кийин болсо, тесттөө күнүндө, күтүүсүздөн жана дайынсыз өзү жоголот. Абитуриенттердин толгон топтору абдыраган түрлөрү менен, ыйлагыдай болуп, тест борборунун кире беришинде туруп калышат. Ушунусу таң каларлык, бирок жыл сайын биз мындай учурлардын жок дегенде экөөсүнө туш келебиз, ошондуктан урматтуу педагогдорго азыр кайрылууну каалайбыз. Кымбаттуу коллегалар! Сиздердин бүтүрүүчүлөрүңүзгө бул документтердин маанилүүлүгүн түшүндүрүңүздөр, алар үчүн жоопкерчиликти алардын өздөрү тартсын, эгерде, чынында эле, сизде толук шалаакылардан жана унутчаактардан турган бүтүрүүчүлөр чогулган болсо, анда, албетте, алардын документтерин чогултуңуз, бирок анда тесттин күнүндө эч жакка жоголбогонго аракет жасаңыз же жок дегенде сейфтин ачкычын бирөөгө калтырыңыз.
Ошентип, биз тупадан-туура тестке жетип келдик. Тесттин алдында абитуриенттерди, бардык артыкбаш предметтерин, маселен: дептерлер, окуу китептер, сотовый телефондор, калькуляторлор, пейджерлер, кагаздар, дагы ушул сыяктууларын имараттын сыртында калтыруусун сурашат. Эгерде кыраакы администраторлор бул предметтерди тест мезгилинде тапса, алардын ээси дароо тесттен чыгарылат. Ата-энелер! Тест күнүндө өзүңүздүн балаңызды жакшы ручка менен, бардык керектүү документтер менен жана өзүңүздүн батаңыз менен камсыз кылыңыз, ал эми бардык башка нерселер ага талап кылынбайт: тестте ал тест дептерин да, өзүнүн жоопторун белгилөөсү тийиш болгон баракты да, черновикти да алат.
Тест мезгилинде абитуриенттерди, алар бири-бирине тоскоолдук кылбасы үчүн, партага бирден отургузушат. Администраторлор аудиториядагы тартипке жана бардыгы керектүү бөлүм үстүндө керектүү убакытта иштөөсүнө көз салышат. Мында аларга тест дептерлеринин ар бир бетинин жогору жагында жайгашкан атайын таануу тилкеси жардам берет. Ар бир бөлүмдүн тилкеси башкалардагылардан түсү жана дизайны боюнча айырмаланат жана алардын аркасында администраторлор ким кайсы бөлүмдө экенин алыстан көрүүсү мүмкүн.
Тестти тапшырган күндөн баштап сертификаттарды алган учурга чейин бир ай дээрлик өткөнүнө байланыштуу суроолор жана жемелөөлөр аябай көп. Эң эле ишеничи жоктор бул убакыттын ичинде катышуучулардын баллдары менен көптөгөн куулуктар жүргүзүлөт деп эсептешет. Ошондуктан биз тесттин натыйжаларын иштеп чыгуу кандай жол менен өтөрү тууралуу эчтекесин калтырбай айтып берүүнү каалайбыз. Биринчиден, жооптордун барактары БОУББга тесттин күнүндө эле дароо келип түшпөйт. Администраторлордун ар бир командасы тесттөө борборлорунун бирин эмес, бир нечесин кезек менен тейлейт жана бизге жооптордун барактарын тест бардык жерде өтүп бүткөндөн кийин, б.а. биринчи-экинчи июнда алып келет. Жооптордун бардык барактары дароо эле сканерден өтөт. Жалаң сканерлөө процесси гана бизден сегиз күндөн он күнгө чейинки убакытты алат (сутка бою иштеген режимде), анткени негизги тест үчүн жооптордун барактары 35 000 чамасында чогулат, анын үстүнө көпчүлүк абитуриенттер бирден, экиден, кала берсе үчтөн предметтик тест тапшырышат. Мындан тышкары, абитуриенттер көбүнчө, администраторлордун жооптордун барактарын бүктөбөгүлө, замазкаларды пайдаланбагыла деген өтүнүчтөрүнө карабастан, так ошондой жасашат, ал эми бул бузулган барактарды иштеп чыгууга кеткен убакытка таасирин көрсөтөт. Сканерлөөнүн натыйжасында катышуучулардын жекече каттоо номерлерин жана алар белгилеген жоопторду камтыган маалыматтардын базасын алабыз. Маалыматтардын бул базасы дароо эле компакт-дискке Билим берүү министрлигинин, БОУББ Камкорлор советинин, КР Омбудсмени Аппаратынын жана ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жазылат, андан кийин Демир Банктагы сейфке жайгаштырылат. Бул эмне үчүн жасалат? Иш маалыматтардын бул базасы алгачкы, катышуучулардын жооптору тууралуу эч ким тийбеген маалыматтын булагы болуп саналгандыгында. Андан ары, эгерде натыйжаларга тиешелүү орчундуу талаш учурлар келип чыкса, баллдарды маалыматтардын бул биринчи базасы менен салыштыруу мүмкүн.
Жалаң мындан кийин гана биз тесттерди иштеп чыгарган адистерди кайрадан чакырабыз жана алар ачкычтар түзсүн үчүн даяр тесттерди беребиз. Маанилүү учур: республикада эч кимде, БОУББ кызматкерлеринде да тесттин суроолоруна ушул убакытка чейин жооптор жок! Эгерде сиздин балдарыңызга боорукер адамдар даяр жоопторду чоң суммага сатып алуусун сунуш кылса, билиңиз: сиз алдамчыларга туш келдиңиз!
Ачкычтар маалыматтар базасына киргизилет, мында ким канча балл топтогону көрүнөт. Мындан кийин суроолордун өзүн статистикалык талдоого эки-үч күн кетет жана эгерде кандайдыр себептер боюнча жаман иштеген суроолор пайда болсо, мындай суроолор тесттин бардык варианттарынан чыгарып ташталат. Андан кийин баллдардын шкалануусу келип чыгат, кийин – сертификаттардын басылышы; бул сканерлөө менен бирге убакыттын олчойгон бөлүгүн алат (дагы 10 күн). Басылганына карап сертификаттар дароо конверттерге салынат жана почта аркылуу райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жиберилет, алар кийин аларды мектептерге беришет. Бул мезгилдин баарында дээрлик биз мектептер сертификаттарды бүтүрүү кечесинде өз тарбиялануучуларына бере алсын үчүн сутка бою иштейбиз.
Андан ары абитуриенттер ЖОЖдор менен иш алып барышат. Урматтуу абитуриенттер! Сертификаттардын арт жагында кабыл алуу процесси качан жана кандайча өтүүсү тууралуу толук маалымат орус жана кыргыз тилдеринде берилет. Бул маалыматты көңүл коюп окуңуз жана өз сертификатыңызды акылга сыярлык кылып пайдаланууга аракеттениңиз. Бул баскычтагы БОУББнын ролу бюджеттик бөлүмдөргө кабыл алууга сунуш кылынган абитуриенттердин баллдарынын тууралыгын бекемдөөгө келип токтолот.
Маалымат семинарларынын убагында кээ бир абитуриенттердин баллдары алар сертификаттарын алгандан кийин өзгөрүлгөндүгү эмне менен түшүндүрүлөрү тууралуу бизге суроо беришти. Чындыгында мындай учурлар өтө сейрек болсо да кезиккен. Иш төмөнкүдө. Тестте абитуриенттерди өзүнүн жеке номерин жана өзү иштеген тест дептеринин номерин тегерекчелер менен боёону (компьютерде окуу үчүн) суранышат. Кээ бир абитуриенттер боёгондо ката кетиришет. Эгерде абитуриент өзүнүн жеке номерин туура эмес боёсо, ал ошону менен катар өзүнүн баллдарын кимдин номерин жаңылып боёгон болсо, ошого «тартуулаган» болот. Эгерде ал тест дептеринин номеринде ката кетирсе, анда анын жооптору башка вариант боюнча текшерилет, бул, албетте, натыйжада өтө маанилүү байкалат. Бактыга жараша, мындай учурлар өтө сейрек, анткени биз тесттин администраторлорунан бардык абитуриенттер өз маалыматтарын туура белгилөөсүн көңүл коюп байкоосун суранабыз. Алар ошентишет, бирок жүз чакты киши тест тапшырып жаткан бөлмөдө муну так байкоо ар дайым эле мүмкүн боло бербейт. Ошондуктан биз дагы бир жолу абитуриенттердин өздөрүнө кайрылабыз: этият болгула! Өкүнүчтүү механикалык катага сиздин баллыңызга таасир кылуусуна жол бербеңиз!
Аягында – эң эле зарыл нерсе: тесттин наркы тууралуу. Азыр негизги тестти тапшыруу 200 сом турары жана ар бир предметтик тест да ошончо турары белгилүү. Көптөр биздин калк үчүн бул өтө кымбат дешет. Биз өзүбүз да түшүнөбүз, Кыргызстанда бул сумма өтө маанилүү болуп саналган үй-бүлөлөр бар. Бирок, келгиле, бул суроого башка көз караштан карайлы.
Биринчиден, жалаң негизги тесттин бирөөсүнүн өзүнө турган наркы 350 сом чамасында болот, б.а. USAID ар бир абитуриент үчүн калган 150 сомду кошумча төлөйт. Экинчиден, абитуриенттерде Бишкекке барып жана борбордо кандайдыр убакыт ичинде жашаганга, кирүү сыноолорун тапшыруу үчүн ар түрдүү ЖОЖдорду кыдырганга бир далай акча коротуу зарылчылыгы жок – алар эң жакын район борборуна барышат жана тесттерди бир күндүн ичинде тапшырышат. Анын үстүнө, орто билимден жогоркуга өтүү – бул турмуштагы олуттуу баскыч жана тест бардык бүтүрүүчүлөргө бүт бойдон ЖОЖдун бюджеттик бөлүмүнө кирүүгө чыныгы мүмкүнчүлүктү берет деп эсептейбиз.
Дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө билим акчага турат. TOEFL тести, мисал үчүн, 140 АКШ долларына турат. Кыргызстандагы көп адамдар бул тестти тапшырышат.
БОУББ азыр эле кошумча каражаттарды табуу үчүн максимум аракеттерин жасоодо, биз дайыма тесттин наркын атап өтүлгөн 200 сомдун чектеринде кармоого аракеттенип ар түрдүү эл аралык уюмдарга жана фонддорго кайрылуудабыз. Бирок тест толугу менен абитуриенттердин өздөрү аркылуу төлөнө турган күн келери анык. Биздин элибиз бирөө келип, биз үчүн баарын жасарына жөн эле үмүттөнө бербесине биз ишенебиз. Жалпы республикалык тест – бул азыр эле көп өлкөлөр үчүн оң мисал болуп калган уникалдуу тест. Биздин коом бул система бекемделе, туруктуу боло жана ийгиликтүү өнүгүүсүн уланта ала турган кылуусу мүмкүн жана тийиш. Анткени тунук жана адилет тест – бул жалаң эле коррупция менен күрөш эмес, бул дагы биздин бүтүрүүчүлөргө өзүнө, алар ак ниеттик менен, өз күчтөрү менен ЖОЖго кирүүлөрү мүмкүндүгүнө ишенүүгө каражат, аларды мектеп жана өз алдынча окуусуна жол көрсөтүүгө каражат. Тестирлөө өткөрүлгөн жылдардын ичинде көп миңдеген балдар жана алардын ата-энелери буга ишенип калышты жана, айрыкча алыскы райондордо, жогорку билим алууга биздин тест жол ачып бергендерден ыраазылык сөздөрүн биз өтө көп угабыз, тест болбосо аларга мындай жол эч качан ачылмак эмес.
Биз бул макала сиздердин кээ бир суроолоруңузга жооп бергендигине үмүттөнөбүз. Жалпы республикалык тестирлөө жана билим берүүнү баалоо тармагындагы биздин башка долбоорлор тууралуу көбүрөөк билүү кызыктуу болгондор үчүн бизде ар дайым эшик ачык. Бизде өзүбүздүн сайтыбыз да бар, андан көп кызыктуу материалдарды алуу мүмкүн. Сайттын: адреси www.testing.kg. Телефон чалыңыздар, жазыңыздар жана келиңиздер!
Аягында биздин абитуриенттерге, ошондой эле Жалпы республикалык тест аркылуу ЖОЖдорго өтүп окуп жаткан студенттерге күч, ийгиликтер жана жогорку жетишкендиктерди каалайбыз.
Алтынай Молдоева,
БОУББнун башкы тест редактору