|
Жалпы республикалык тестирлөөгө
Каттоо 2008 - жылдын 25- мартынан 14 апрелине чейин өткөрүлөт
Мектептерди же кесипчилик окуу жайларды быйыл бүтүрүп жаткан абитуриенттер өздөрү окуган окуу жайларында каттоодон өтүшөт. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө каттала алышат. Каттоодон өтүү үчүн Сизде паспорт (туулгандыгы тууралуу күбөлүк) жана эки 3х4 фото орто билим тууралу аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн) болуш керек.
Тестке төмөнкү талаптарга жооп берген каалоочулардын баары катышса болот:
· жалпы билим берүү мектептеринин 11-класстарында, же болбосо башталгыч кесипчилик же орто кесипчилик билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчү курстарында окугандар
же
· жалпы билим берүү мектебин (башталгыч кесипчилик же орто кесипчилик окуу жайын) бүтүргөндөр,
· жогорку билими жоктор,
· азыркы учурда жогорку окуу жайында окубагандар;
ошондой эле
· Кыргыз Республикасынын атуулу болгондор,
· Казакстан, Россия, Беларусь же Тажикистан атуулу болгондор, эгерде алар билим берүү жаатындагы эл аралык макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында гранттык негизде окууга талапкер болсо,
Тестирлөө аныкталган график боюнча республиканын баардык аймактарында өткөрүлөт.
Тестирлөө үч тилде өткөрүлөт – кыргыз, орус жана өзбек. Негизги тестти бардык абитуриенттер тапшырышат.
Негизги тест төмөндөгү бөлүмдөрдөн турат:
- «Математика»;
- «Сөздүк-логикалык тест»:
а) «Окшоштуктар»;
б) «Сүйлөмдөрдү толуктоо»
в) «Текстти окуу жана түшүнүү».
- «Эне тилинин практикалык грамматикасы».
Англис тили, немис тили, химия жана биология боюнча предметтик тесттер сунуш кылынат. Предметтик тесттин баллдары негизги тесттин баллдарынан өзүнчө эсептелинет.
Тестирлөөгө регистрациялык акысын төлөмөйүнчө катышууга мүмкүн эмес.
Негизги тест үчүн – 200 сом,
ар бир предметтик тест үчүн – 200 сом төлөнүш керек.
Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн колдонмолорду сатып алуу боюнча мектептердеги, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү тестирлөө боюнча жооптуу адамдарга кайрылсаңыздар болот. Регистрацияга жана колдонмолорго төлөө акысы эсеп-сактык компанияларда кабыл алынат.Бардык суроолор боюнча окуу жайындагы жооптуу адамдарга кайрылыңыздар же ББОУБна 0312 62 04 70 телефону аркылуу чалыңыздар.
Регистрацияга жана колдонмолорго төлөө акысы эсеп-сактык компанияларда кабыл алынат. |